Оштун Кара-Суу районунда сел жүрүү жана жер көчүү коркунучу бар аймактардан тургундар көчүрүлүүдө

Оштун Кара-Суу районунда сел жүрүү жана жер көчүү коркунучу бар аймактардан тургундар көчүрүлүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Папан айыл аймагына 10 орундуу 23 чатыр берилип, Кызыл-Туу айылынын Жер-Каптал тилкесине тигилди.

 

Учурда Папан, Сарай, Нариман жана Кашкар-Кыштак айыл аймактарындагы жер көчкү жана сел жүрүү коркунучу бар бөлүгүндө 31 үй-бүлө жашайт.

 

Алардын бардыгын көчүрүү үчүн дагы кошумча чатырлар тигилет.