Унаа жана жолдор министрлигинин кызматкерлери жана жол инспекторлору унааларды текшерүүдө

Унаа жана жолдор министрлигинин кызматкерлери жана жол инспекторлору унааларды текшерүүдө. Маалыматка ылайык, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Чапчыма жана Өтмөк ашууларынан өткөн машинелер токтотулуп, алардын кышкы шиналарга өтүшү жана тайгактыкка каршы шаймандардын болушу текшерилип жатат.

 

Белгилеп кетсек, учурда турукташып жаткан жылуу аба-ырайы алмашып, алдыңкы күндөрү өлкөнүн басымдуу аймагында кар жаайт. Кышка даяр эмес унаалар трассаларда тыгындарды жаратып, көп учурларда жол кырсыктарынын күнөөкөрү болушат.