Жарандардан коронавирус жок экенин аныктаган маалым катты талап кылуу ашыкча.
Ысык-Көл облусуна кирүүдөгү чектөөгө вице-премьер-министр Кубатбек Боронов
комментарийди берди. Чиновниктин айтымында, санитардык-карантиндик түйүндө
жарандарды күчөтүлгөн тартипте текшерүү улантылышы керек. Бирок маалым катты
талап кылууну токтотуу зарыл. Буга чейин белгилүү болгондой, Ысык-Көл облусуна
киргендер коронавирус жок экендигин көрсөткөн маалым каттын
негизинде гана аймакка киргизилиши керек болчу.