Жаңы окуу жылы кандай форматта өтөт азырынча белгисиз

Жаңы окуу жылы кандай форматта өтөт азырынча белгисиз. Бул тууралуу Билим берүү министри Каныбек Исаков билдирди. Анын айтымында, бардыгы өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга көз каранды болот.

 

Ал белгилегендей, министрлик дагы, мугалимдер дагы, ата-энелер дагы, окуучулар өздөрү дагы окуу салттуу түрдө болуусун каалайт. Бирок ар кандай абалга даяр болуу керек. Эгер билим берүү кадимкидей эле форматта өтсө, дистанциондук окууга даярдалган материалдар кошумча булак болуп колдонула берет.