Мектептердеги окуу режими боюнча акыркы чечим сентябрда кабыл алынат

Мектептердеги окуу режими боюнча акыркы чечим сентябрда кабыл алынат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов жарыялады. Анын айтымында, бийлик өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алат.

 

Эгер ал турукташып калса, мектептерде билим берүү кадимки форматта жүргүзүлөт. Андан тышкары, сентябрга жакын бийлик коомдук транспорттун жүрүү графигин кайра карап чыгат. Эске салсак, 1-сентябрда мектепке биринчи класстын окуучулары гана барышат. Калгандары аралыктан билим алышат.