Быйыл ажылыкка барууну каалагандар бүгүнтөн тарта электрондук тизмеге каттала алат.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришкендей, талапкерлерди каттоо ID-картанын негизинде 6-мартка чейин жүргүзүлөт.
Ажыга барууну каалагандар 1 миң доллар жана кайтарымсыз 1 миң сомду төлөп, квитанциясын жана каттоого тиешелүү иш кагаздарды муфтияттын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарга жана райондук бөлүмдөрүнө тапшыруусу зарыл.
Толук маалыматты муфтияттын сайтынан алса болот.