Ысык-Көл облусунда жер титиреди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, зилзала бүгүн түшкү саат 1лерде катталды.
Жер титирөө очогунда күчү 4 баллга чейин жетти. Ал эми Жети-Өгүз районунун Подгорное,
Кызы-Суу айылдарында жана Каракол шаарында 3 баллга чейин сезилди.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.