Ысык-Көл облусунун тургундары эми бир айылдан экинчи айылга каттай албайт

Ысык-Көл облусунун тургундары эми бир айылдан экинчи айылга каттай албайт. Жергиликтүү бийликтин сунушуна карабай, тургундар калк жашаган түйүндөр ортосунда жүрө беришкен.

 

Андыктан, айылдар ортосундагы кыймылга тыюу салуу чечими кабыл алынды. Ар бир калк жашаган түйүндүн кире беришине пост орнотулду. Анда милиция, куткаруучулар жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү нөөмөттө турушат.