Чек ара: тараптар тартылган кошумча күчтөрдү чыгарууну макулдашты

Баткен районунун Булак-Башы аймагындагы ок атышуудан кийин кыргыз-тажик чек ара кызматтарынын жетекчилери жолукту. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады.

 

Сүйлөшүүдө тараптар кошумча тартылган күчтөрдү жана каражаттарды чыгарып кетүү, инженердик курулуштарды демонтаждоо, бийиктиктерге чек ара кезметтерин жиберүүгө тыюу салууну макулдашты.

 

Төрт-Көчө аймагында өткөн жолугушууда тараптар макулдашууларды аткарып, чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө жана бардык маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүүнү сүйлөшүшкөн.

 

Мамлекеттик чек ара сызыгынан кошумча күч жана каражаттарды чыгарууну Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара заставаларынын башчылары көзөмөлдөй турган болду.

«Саат 19:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу»-деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.