“Каркыра-унаа жолу” көзөмөл өткөрүү түйүнү жабылды

“Каркыра-унаа жолу” көзөмөл өткөрүү түйүнү жабылды. novosti.kgге өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, чечимди облустук штаб кабыл алды.

 

Каркыра жайлоосуна калыңдыгы 15 сантиметрге жеткен кар жаады. Белгилеп кетсек, аталган өткөрүү түйүнү жыл сайын октябрдан тартып жаз мезгилине чейин ишин токтотуп, туристтик сезон менен кошо ачылат.