Кыргызстанда “Алтын тамга” тестин 80 бүтүрүүчү гана ийгиликтүү тапшыра алды

Кыргызстанда “Алтын тамга” тестин 80 бүтүрүүчү гана ийгиликтүү тапшыра алды. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан билимин \2 миң 141 окуучу сынаган.

 

Тестирлөө математика, эне тили жана адабияты, Кыргызстан тарыхы, химия сабактары боюнча жүрдү. Жыйынтыкка нааразы бүтүрүүчүлөр аппеляцияга арыз жазышы керек.  Эске салсак, “Алтын тамга” сынагын өзгөчө аттестатка талапкер окуучулар тапшырат. Ийгиликтүү өткөндөр мамлекеттик экзамендерден бошотулат.