БШК республикалык бюджетке 4 миллион 200 миң сом которот.
Боршайкомдун көзөмөл-текшерүү тобу Жогорку Кеңештин бир мандаттуу эки округу – Биринчи Май жана Свердлов райондорунда депутаттыкка талапкерлерди кайра шайлоо учурунда күрөөгө 5 миллион 600 миң сом түшкөнүн билдирди.
Анын ичинен 4 миллион 200 миң сом республикалык бюджетке которулат.
Эске салсак, 27-февралда Бишкектеги бир мандаттуу эки округда кайра шайлоо өттү.