Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан 6 адам бейтапканага жаткырылды.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жарадарлар бүгүн
Баткен облустук бириктирилген медицина мекемесине алынып келген.
Алардын ичинде 4 аскер кызматкери жана 2 жаран болгон. Калгандардын
баш мээси чайкалып, ар кандай жаракат алган. Учурда баарынын абалы канаатандырарлык.
Белгилеп кетсек, Көк-Таш айылында Тажикстандын жарандары тактала элек чек ара
тилкесинде тосмону тосо баштаганы себеп болгон. Мындан улам айыл тургундары менен
тажик жарандары урушуп, бирин бири таш баранга алышкан.