Өзбекстандын чек арачылары чек араны мыйзамсыз өтүү үчүн 13 кыргызстандыкты кармады

Өзбекстандын чек арачылары чек араны мыйзамсыз өтүү үчүн 13 кыргызстандыкты кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Окуя бүгүн эртең менен Кадамжай районунун Чекелик айылында  болду.

 

Биздин жарандар бул жерге Талас облусунан келип, билбей эле чек арадан өтүп алышкан. Учурда өзбек тарап менен кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.