Чек араларда санитардык көзөмөл күчөтүлөт

Чек араларда санитардык көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, өлкө аймагына киргендердин дене табы өлчөнөт, ошондой эле, алар коронавирус жоктугун тастыктаган маалымкат көрсөтүшү керек.

 

Эгер ал жок болсо, чек арадан эле анализ тапшыруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

 

Үсөнбаев белгилегендей, бул коронавирус менен ооругандар өлкө аймагына кирип жатат деген маалыматтардан улам кабыл алынган чара. Андан тышкары, коңшу мамлекеттерде дагы эпидемиологиялык кырдаал курчуп жатат.