Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө арналган көк бөрү боюнча президентинин кубогу старт алды.
Улуттук көк бөрү федерациясынан билдиришкендей, мелдештин биринчи күнү I лигадагы командалардын
тайпалык этаптагы алгачкы туру жыйынтыкталды. Эртең аталган лигада тайпалык беттештер уланат.
Анда ат чабыш, эр эңиш жана салбурун боюнча мелдештер өтөт .