Ошто 11-майдан тартып муниципалдык коомдук унаа эки линияда жүрө баштайт

Ошто 11-майдан тартып муниципалдык коомдук унаа эки линияда жүрө баштайт.

Вице-мэр Асылбек Топтубаев билдиргендей, ар бир линияда 10дон автобус,

троллейбустарды каттамга чыгаруу пландалууда. Коомдук унаалар эртең

мененки саат 7ден кечки 8ге чейин жүргүнчүлөрдү ташыйт. Бир эле учурда

унаа ичинде 30дан ашык адам болбошу керек. Ар бир каттамдан кийин айдоочу

салондун ичин дезинфекциялап турушу зарыл. Санитардык норманын

сакталышын атайы түзүлгөн бригада көзөмөлгө алат.