Апрель айында дарыгерлерге кошумча акы төлөөгө 229 миллион сом сарпталат

Апрель айында дарыгерлерге кошумча акы төлөөгө 229 миллион сом сарпталат.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдиргендей, Саламаттыкты сактоо

министрлигинин атайын эсебиндеги 96 миллион сомду комиссия дарыгерлердин

апрель айындагы кошумча төлөмдөрүнө бөлүүнү чечти. Калган 133 миллион сомдон

көбүрөөгүн Каржы министрлиги бөлүп берет. Кошумчаласак, өткөн айда медицина

кызматкерлерине сый акы катары 38 жарым миллион сом сарпталган.