Кыргызстандык жөө күлүктөр Мария Коробицкая менен Дарья Маслова Ташкент марафонунда алтын медаль утушту

Кыргызстандык жөө күлүктөр Мария Коробицкая менен Дарья Маслова Ташкент марафонунда алтын медаль утушту.

Үчүнчү эл аралык марафон кечээ өттү. Мария Коробицкая 42 чакырым аралыкта чуркап, биринчи келсе, Дарья Маслова

21 чакырымдык жарым марафондо алгачкы болду. Дагы бир кыргызстандык жөө күлүк Гульшаной Сатарова марага

үчүнчү келип, коло медаль тагынды. Ал эми эркектер арасында кыргызстандык Илья Тяпкин

марафондук аралыкка жарышып, экинчи орунду ээледи.