Кыргызстандык балбан дүйнөлүк чемпионатта коло байге утту.
Эркин күрөш боюнча Алибек Осмонов польшалык атлет менен
кармашып, беттеш 4:1 эсеби менен аяктады. Бул Кыргызстан үчүн
2021-жылдагы Дүйнө чемпионатындагы алгачкы медаль болду.
Буга чейин Осмонов жарым финалда ирандык спортчу менен кармашып
жеңишти алдырган. Спорттук күрөштүн эркин, кыз-келиндер жана
грек-рим түрлөрү боюнча Дүйнө чемпионаты
Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат.