Испания Суперкубогунун алкагында «Реал Мадрид» «Барселонаны» утуп, финалга чыкты

13-январга караган түнү Испания Суперкубогунун жарым финалында «Реал Мадрид» клубу «Барселонаны» утуп алды.

Оюн Сауд Арабиясында өтүп, 3:2 эсебинде мадриддиктердин пайдасына аяктады.

 

Алгачкы голду 25-мүнөттө Винисиус Жуниор жаратты. 42-мүнөттө Люк де Йонг эсеп санын 1:1ге өзгөрттү. Андан кийин чабуулчу Карим Бензема (72-мүнөттө) жана Ансу Фати (82) бирден гол киргизишти. Беттештин тагдырын кошумча убакытта (98) Федерико Вальверденин голу чечти.

 

Муну менен «Реал Мадрид» клубу Испания Суперкубогунун финалына чыкты. Финалда «Реал» «Атлетико Мадрид» менен «Атлетик Бильбао» жубунун жеңүүчүсү менен кез келет.