Бишкекте эки эс алуу аймагы пайда болду.
Мэриядан билдиришкендей, Жукеев-Пудовкин көчөсүндө жөө жүрүүчүлөр үчүн жол салынып,
аны бойлото чүкө түрүндө отургучтар коюлду. Скверди жарыктандырууга 1 чакырымдан ашык кабель тартылып,
26 диоддук чырак орнотулду. Муну менен телефон кубаттоо үчүн ошол жердеги USB-портту колдонсо болот.
Анда селкинчек, карусель, кум төгүлгөн балдар аянтчасы дагы бар. Экинчи сквер 11-кичи райондогу
Куттубаев көчөсүндө жайгашат. Бул жерге Набережная көчөсүнөн тартып чакан базарга чейин
жөө жүрүүчүлөр жолу салынды. Отургучтар, урналар жана видео байкоо камерасы орнотулду.