Россия Кыргызстанга медициналык жардам көрсөттү

Россия Кыргызстанга медициналык жардам көрсөттү.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, кечээ Россия жардамдын

кезектеги партиясын Бишкекке жеткирип берди. Гуманитардык жүктө бир катар

медициналык жабдуулар, препарат жана коргонуу каражаттары бар. Эске салсак,

буга чейин биздин өлкөгө коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүүгө

Россиядан адистер келген. Учурда алар ооруканаларда иштеп жатышат.