Дүйнөнүн 58ден ашык өлкөсүнөн мекенине кайтууну каалаган кыргызстандыктар бар.
Учурда Дубайдан чартердик каттамды уюштуруу иштери жүрүүдө, — деди
тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев. Анын айтымында,
мекенине кайтууну каалаган жарандар Европа, Азия, Түндүк Америка жана А
фрика өлкөлөрүндө. Аларды мекенге алып келүүгө элчилик жана консулдуктар
менен иштер жүрүп жатат. Эске салсак, буга чейин биздин мекендештер Россия,
Түркия жана Дубайдан чартердик каттам менен учуп келишкен.