Маалымат каражаттарына 11-майдан тартып иштөөгө уруксат берилет

Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 29-апрелде брифингде билдирди. Анын айтымында, экинчи этаптан тартып маалымат каражаттары, редакциялар, басмаканалар жана башка кеңсе кызматтары ишин жанданта алышат.

 

“Буга чейин айрым маалымат каражаттары аралыктан иштеп келишти. 11-майдан тартып редакциялар иштей баштаса болот”, — деди Эркин Асрандиев.

Кыргыз өкмөтү экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу максатында 1-майдан тартып үч этап менен ишкана, тармактардын ишке кирүүсү тууралуу механизм иштеп чыккан. Биринчи этаптан ишке кирүүчү тармактарга: өндүрүш, өнөр жай, курулуш, соода, тейлөө тармагы кирет.

 

Коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында 22-марттан тартып өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизилген. 25-марттан тартып оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. 15-апрелде өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылды.

 

Президенттин 14-апрелдеги жарлыгы менен Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна да өзгөчө абал киргизилип, аймакта өзүнчө комендатура түзүлдү.

 

Өзгөчө абалга байланыштуу бир катар мекеме-ишканалар менен катар журналисттердин да иши чектелген. Бишкек шаарынын комендатурасы жалпыга маалымдоо каражаттарына өткөрмө берүүдөн баш тартып, бул чечимин оорунун жайылышынын алдын алуу аракети менен түшүндүргөн.