Грециянын тарыхында биринчи ирет аял президент шайланды

Грециянын тарыхында биринчи ирет аял президент шайланды.

Өлкөнүн парламенти Екатерина СакеллаРоПуЛуну президенттик кызматка бекитти.

Добуш берүүнүн биринчи айлампасында 300 депутаттын 261и колдоду.

Кесиби боюнча юрист, 63 жаштагы СакеллаРоПуЛу ушул жылдын март айында

кызматтык мөөнөтү аяктап жаткан Прокопис ПавлоПулостун ордуна келмекчи.

Белгилеп кетсек,  Грецияда президенттин ыйгарым укуктары чектелген жана

бийликтин символу катары гана каралат.