Бишкек-Тегеран түз аба каттамын ачуу сунушталды

Бишкек-Тегеран түз аба каттамын ачуу сунушталды. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстандын Ирандагы элчилиги Тегеранда жергиликтүү авикомпаниянын өкүлдөрү менен жолукту.

 

Анда жарандык авиация тармагындагы эки тараптуу иштер талкууланып, эки өлкө ортосундагы аба каттамдарды көбөйтүү маселеси көтөрүлдү.

 

Өз кезегинде Иран тарап Бишкекте кеңсе ачуу ниетин билдирди.