Япониялык Toyota корпорациясы АКШ жана башка мамлекеттерден 3 миллиондон ашык унаасын артка чакыртууда. Мунун себеби – электрондук башкаруудагы бузуулар. Алар коопсуздук жаздыгынын ишине тоскоолдук жаратууда.
Бузуулар Corolla, Matrix, Avalon жана Avalon Hybrid үлгүлөрүндө катталып жатат.