Улуу Британияда бардын ээси кардарлар менен аралыкты сактоо үчүн өзгөчө ыкма колдонду

Улуу Британияда бардын ээси кардарлар менен аралыкты сактоо үчүн өзгөчө ыкма колдонду. Суусундуктар менен текченин жанына ал электр тосмону орнотту.

 

Муну менен кардарлар аралыкты сөзсүз түрдө сактай турган болду. Мындай чечимге ал дубалдарда илинген эскертүүлөр натыйжа бербесин көргөндөн кийин келген.