Дарыгерлер кенелерден сак болууга чакырат

Дарыгерлер кенелерден сак болууга чакырат. Бишкектин санэпидем көзөмөл борборунан билдиришкендей, учурга карата 20 адам аталган курттардан жабыркап медицина кызматкерлерине жардамга кайрылды.

 

Кенелер Чүй облусунун чектеш аймактарында көп кездешет. Жаратылыш койнуна чыккандар өзгөчө этият болушу керек. Кене жабышса, аны өз алдынча суурубай, дарыгерлерге кайрылуу зарыл, — дешет адистер.