Кадамжайда пенсионер эки айылды бириктирген көпүрө куруп берди

Кадамжайда пенсионер эки айылды бириктирген көпүрө куруп берди. Нурхан Кочкорова ажылыкка деп топтогон каражатын Кызыл-Булак жана Гайрат айылдарынын ортосунда өтмөк курууга жумшаган.

 

Муну менен байбиче көпчүлүк үчүн пайдалуу иш жасагысы келгендигин айтты. Жергиликтүү бийликтен белгилешкендей, айылдарды бириктирген көпүрөнү буга чейин сел жууп кетип, тургундар 2 чакырым жолду айланып басууга аргасыз болушкан.