Экономика министрлиги бизнести текшерүү жөнүндө токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды

Экономика министрлиги бизнести текшерүү жөнүндө токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Ага ылайык, мыйзамга бир катар өзгөртүүлөр киргизилет. Алсак, кайра текшерүү түшүнүгү толугу менен жоюлуп, анын ордуна алдын алуу чаралары киргизилет.

 

Андан тышкары, укук коргоо органдарына ишкерлерди текшерүүгө толугу менен тыюу салынат, буга чейин аларга каржылык текшерүүлөргө гана бөгөт коюлчу. Аны менен бирге бизнесмендерге карата жарандардан түшкөн даттанууларга таасир берүү мөөнөтү өзгөртүлдү.

 

Эгер буга чейин 15 жумуш күндө объектти текшерүү керек болсо, эми кайрылуу түшкөндө дароо текшерүү жүргүзүлүшү зарыл.