Бишкектин айрым аймактарында бүгүн электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин жарык Махатма Ганди, Кожомкул, Абдрахманов, Боталиев көчөлөрүндө, Көк-Жар, Арча-Бешик, Чоң-Арык, Рухий-Мурас конуштарында жок болот.
Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.