Японияда бассейн үчүн беткап чыгарылды

Японияда бассейн үчүн беткап чыгарылды. Аталган өлкөдө бассейндер ачылган соң мындай өзгөчө бет каптарга суроо-талап жогорулаган. Мындай көйгөйдү Токиодо жайгашкан компаниялардын бири чечүүгө аракет кылып, бет капты тунук материалдан жасашты.

 

Ал бетти көздөн ылдый жагын жаап, суунун ичинде ары-бери жылбайт. Мындай бет каптар менен сууда сүзүүгө ыңгайлуу. Алардын 10 даанасын 260 долларга алса болот.