Дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүүгө 26 миллиард сом бөлүндү.
Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, каражат “Айыл-чарбасын каржылоо — 10” долбоорунун алкагында берилет.
Жеңилдетилген насыя коммерциялык банктар аркылуу жылдык 6 пайыздык чен менен жеткиликтүү болот, — деди Жапаров.