“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы бүткүл Кыргызстанды камтыйт

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы бүткүл Кыргызстанды камтыйт.

 

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, камералар Бишкек-Каракол, Бишкек-Нарын-Торугарт, Кара-Балта-Жалал-Абад, Жалал-Абад-Өзгөн-Ош, Ош-Сары-Таш-Иркештам, Суусамыр-Талас-Тараз, Ош-Баткен-Исфана унаа жолдорунда пайда болот. Андан тышкары, 44 камера Бишкекте орнотулат.

 

Долбоордун экинчи этабын ишке киргизүү кийинки жылдын 10-мартына белгиленди.