ФИФАнын президенти Джанни Инфантино дүйнөлүк чемпионатты тез-тез өткөрүп турууну сунуштады.
Ал мундиалды төрт жылда эмес, үч жылда бир өткөрүүгө болот деген оюн билдирди
. Бул учурда клубдук дүйнө чемпионаты жана континенталдык турнирлер ортосунда өткөрүлөт.
Бирок бул өзгөртүүлөр 2030-жылдагы дүйнөлүк чемпионаттан кийин гана мүмкүн, анткени эл аралык футбол календары ошол убакка чейин иш жүзүндө калыптанган.