Таласта темир-бетон буюмдарын чыгаруучу заводдун курулушу башталды

Таластын Манас айылында темир-бетон буюмдарын чыгаруучу заводдун курулушу башталды.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, ишкананын курулушуна облусту өнүктүрүү фондунан 15 миллион сом бөлүнгөн.

Курулуш иштери келерки жылдын январь айынын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.