Кыргызстанда “Салык төлөөчүнүн паспорту” долбоору ишке кирди.
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына караганда, бул салыктык сыр болуп саналбаган жана QR-код камтылган ишкердик субъектинин маалымат картасы.
Паспорт экономикалык иш жургузулуп жаткан ар бир соода объектисинде коюлат.
QR-кодду сканерлөө менен салык төлөөчүнүн реквизиттерин, ИННин билип же кассалык машина тууралуу маалымат алууга болот.
Жаңычылдык ишкерлердин ишмердүүлүгүнө калк тарабынан көзөмөлдү күчөтүп, ошону менен бирге керектөөчүлөрдүн укуктарын коргойт деп күтүлүүдө.