Франция курамасынын форварды Антуанн Гризманн “Барселонадан” мадриддик “Атлетикого” өттү

Франция курамасынын форварды Антуанн Гризманн “Барселонадан” мадриддик “Атлетикого” өттү.

Команда чабуулчуну сезондун аягына чейин жана келишимди бир жылга узартуу шарты менен алды.

Каржылык шарттар так аталган жок. Футболчуга маяна төлөп берүүгө “Атлетико” милдеттүү болот.

Эске салсак, Гризманн “Барселонага” 2 жыл мурга кошулган, ага чейин ал “Атлетикодо” ойноп келген.