Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү жогорулоо багытында.
“Электр станцияларынын” расмий сайтындагы маалыматка караганда,
бүгүн башкы резервуардагы суунун көлөмү 12 миллиард 8 миллион кубометрге жетти.
Суунун көбөйүшү вегетациялык мезилге байланыштуу. Бирок, көрсөткүч жогорулаганы менен
суунун көлөмү былтыр бүгүнкүдөн 2 миллиард 860 миллион кубометрге көп болчу.
Андан улам, керектөөчүлөр электр энергиясын үнөмдүү пайдаланышы
зарыл, — деп эскертишет энергетиктер.