Франция жана Марокко бүгүн дүйнө чемпионатынын финалына чыгуу укугун талашат

Франция жана Марокко бүгүн дүйнө чемпионатынын финалына чыгуу укугун талашат. Француздар, белгилеп кетсем, азыркы дүйнө чемпиондору. Дидье Дешамдын тарбиялануучулары 60 жылдан бери алкачкы ирет планета биринчилигинде титулун сактай алган курама болоруна 1 кадам калды.

 

Ал эми Марокко футболчулары тууралуу айта турган болсок, алар – чемпионаттын башкы сенсациясы болуп жатат.

 

Эки курама буга чейин достук беттештерде 2 ирет жолуккан. 1999-жылы француздар 1:0 менен утса, 2007-жылы жеңүүчү аныкталган эмес.