Бийлик казино иштетем дегендер кандай салык төлөй турганын айтты

Экономика министрлиги казинодогу оюн столдору үчүн кандай салыктар салынарын айтып берди.
Министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Министрлик өлкөнүн Салык кодекси 62-глава менен (кумар оюндары боюнча ишмердүүлүккө салык) толукталганын эскертти. Анын 453-беренесинде төмөнкүдөй сумма каралган:

казинодогу 1 оюн столу үчүн: 2022-жылы — 750 миң сом, 2023-жылы — 1 миллион сом, 2024-жылдан тарта — 1,25 миллион сом;

1 оюн автоматы жана компьютердик симулятор үчүн: 2022-жылы — 50 миң сом, 2023-жылы 75 миң сом, 2024-жылдан тарта — 100 миң сом.

Бирок Экономика министрлиги салыкты жеңилдетип, оюн индустриясынын өнүгүүсүнө жаңы импульс берүү керек деген пикирде. Казино Кыргызстанда 10 жылдык тыюудан кийин быйыл мыйзамдаштырылды.

Сунушталган сумма:

оюн столу үчүн: 2022-жыл — 450 миң сом, 2023 — 600 миң сом, 2024-жылдан тарта — 750 миң сом;

оюн автоматы жана компьютердик симулятор үчүн: 2022-жылы — 10 миң сом, 2023-жылы 15 миң сом, 2024-жылдан тарта — 20 миң сом.