Кыргызстандын футбол боюнча курамасы бүгүн Япония курамасы менен  ойнойт

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы бүгүн Япония курамасы менен  ойнойт. Беттеш япониялык Суйта шаарында Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында өтөт.

 

Оюн Бишкек убактысы боюнча 16.25те старт алат. Эске салсак, буга чейин биздин футболчулар Мьянма курамасын 8:1 эсебинде талкаласа, Монголияга 0:1 эсебинде утулуп калган.

 

Биздин команда F тайпасында Япония, Мьянма, Монголия жана Тажикстан курамалары менен кез келди. Ак-шумкарлар учурда   10 упай менен 2-орунда келе жатат.