Индонезиялык Велин Кусум 20 жылдан бери диплом коллекциялап келет

Индонезиялык Велин Кусум 20 жылдан бери диплом коллекциялап келет.

 

Ал билим алууну ушунча сүйүп, дайыма диплом алып жүрөт. Велин 18 жаштагы улан кезинде курулуш жаатында биринчи даражага ээ болгондо бардыгы башталган.

 

Ошондон бери ал токтобой окуп келет. Учурга карата анда 11 бакалавр, 3 магистрдик даражалары жана 18 кесиптик сертификаттары бар. Муну менен ал токтоп калбай, өмүр бою билим алуу ниетинде.