Америка тургуну кассирдин катасынан миллионер болду. Аял 10 долларлык лотерея билеттерин сатып алып жатканда, сатуучу ага 20 долларлык билетти дагы кошуп берип койгон.
Дал ошол билет ага 1 миллион доллар алып келди. Аял уткан акчасынын бир бөлүгүн насыясын жабууга жумшаса, калганын пенсиясына катып коюуну чечти.