2019-жылдын эң кирешелүү тасмалары аталды

2019-жылдын эң кирешелүү тасмалары аталды. Рейтингдин сап башында “Өч алгычтар. Финал” тасмасы 890 миллион доллар кирешеси менен жайгашты. Экинчи орунда “Муздак жүрөк-2” мультфильми турат.

 

Анын тапкан кирешеси 599 миллион доллар. Үчилтикти 580 миллион менен “Падыша Арстан” мультфильми жабат. Ондукта ошондой эле, “Джокер”, “Капитан Марвел”, “Аладдин”, “Джуманджи” тасмалары бар.