Google корпорациясы жаңылыштык менен 250 миң долларды башка кишиге жөнөтүп алды

Google корпорациясы жаңылыштык менен 250 миң долларды башка кишиге жөнөтүп алды. Бул тууралуу эркек твиттер баракчасында жазды. Анын айтымында, компаниядан ага ири суммадагы акча которулуп, бирок андан кийин аны менен байланышка эч ким чыккан эмес.

 

Ал кеңеш сурап, “Гугл менен кантип байланышса болот, мен бул акча үчүн салык төлөгүм келбейт”, — деп жазган.

 

Убакыт өткөндөн кийин компаниядан чалышып, жакынкы арада каражат эсептен кайра чыгарыла турганын билдиришкен.