«Айыл чарбасын каржылоо — 11» долбоорунун алкагында бүгүнкү күндө дээрлик 2 миллиард сом жеңилдетилген насыя берилди. Каржы министрлигинин маалыматына караганда, каражатты 4 миң 400дөй айылдык товар өндүрүүчүлөр алды.
Белгилеп кетсек, өкмөт тарабынан быйылкы жылга “Айыл чарбасын каржылоо – 11” долбоорун ишке ашырууга 3,3 миллиард сом бекитилген.
Аталган долбоор боюнча насыялар мамлекеттик эки банк аркылуу берилүүдө.