Кыргызстанда ички дүң продукция жыл башынан бери 270 миллиард сомдон ашты.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 6 пайызга көп.
ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш жана тейлөө сектору тарабынан камсыздалды.
Белгилеп кетсек, ички дүң продукт бул — жыл ичиндеги мамлекеттин байлыгы.
Башкача айтканда, бир жылда өлкө өндүргөн товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн акчалай наркын эске алган экономикалык көрсөткүч.